Чүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болдуҮч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдөСадыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдаштыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Макаону 15:0 эсебинде жеңди
Муфтият: Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат
17.04.2020 | 17:38
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Рамазан айынын так датасын аныктады. Муфтият тараткан маалыматка ылайык, орозонун биринчи күнү 24-апрелге туура келет.
“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды”, – деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин видеокайрылуу аркылуу орозо маалында ооз ачуу жана тарафик намазы үйдө окуларын айткан.
Өткөн жылы орозонун биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом