Мугалимдерди мазактагандар камалбайт жана айып салынбайт

Мугалимдерди мазактагандар камалбайт жана айып салынбайт

Мугалимдерге акарат сөз айткан окуучулардын ата-энелерине айып пул салынбайт. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин 30-ноябрындагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экинчи окууда ата-энелерди айып пул жана камакка алуу менен жазалоо нормасы мыйзам долбоорунан алынып салынды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, сунушталган мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов экинчи окууда кароо учурунда долбоордогу “эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет” деген сүйлөмдү алып салуу сунушталганын эске салып: “Бул сунуш кандай чечилди?” – деп сурады.

Демилгечи депутат Аманкан Кенжебаев сунуш эске алынып, аталган сүйлөм “Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын он алты жашка чейинки баланы тарбиялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы —  эскертүүгө алып келет” – деп жазылганын белгиледи.

Ошол эле учурда, депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерге акарат кылган жарандарга 1 миң сом жаза каралып жатканын белгиледи.

«Мисалы көчөдө мугалимдерге кимдир бирөөлөр тарабынан аракаттар айтылып келет. Уруксатсыз (иш жерине — ред.) кирип келип, мугалимди коркутуп-үркүткөн жарандарды көрүп жүрөбүз», — деди ал.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, колдоо тапты.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар мугалимдерге акарат айткан окуучунун (12-16 жаш арасындагы) ата-энесине 2 миң сом айып пул салууну сунуштаган. Эгер аталган учур кайталанган кезде, айып пул 5 миң сомду түзөрү же 3 күндөн 5 күнгө чейин камакка алынары каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>