Прокуратура: Матрезервдер фонду бюджетке 2 млн сом зыян келтирген

Прокуратура: Матрезервдер фонду бюджетке 2 млн сом зыян келтирген

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасы тарабынан аталган фонддо текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө фонддун кызмат адамдары мыйзамсыз жана негизсиз протоколдук чечим кабыл алуу жолу менен Фонддун жооптуу сактоочуларына (ун тартуучу ишканалар) ар бир 1 000 тонна унду сатып беришкендиги үчүн «бонус» катары 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатты төлөп берип, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланышкандыгы аныкталды. Белгилей кетсек, мындай протоколдук чечим Кыргызстандын ченемдик-укуктук актыларында каралган эмес. Натыйжада, республикалык бюджетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>