Мугалимди тилдеген эненин иши териштирилип, сотко жөнөтүлдү

Мугалимди тилдеген эненин иши териштирилип, сотко жөнөтүлдү

Бишкектеги №57 мектепте мугалимди тилдеп, ыйлаткан аялдын иши териштирилип, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, буга чейин соцтармактарга мугалим менен окуучунун энесинин ортосунда чыр чыкканы тартылган видео тараган. Териштирүүнүн жүрүшүндө алар тергөө кызматына жеткирилип, мугалим (Ж.Ж.) милицияга арыз жазып, 9-октябрда окуучулардын биринин апасы мектепке келип, балдардын көзүнчө тилдеп, чыр чыгарганын билдирген.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Укук бузуулар кодексинин 102-1-беренесинин (педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү) негизинде иш ачылып, материалдар райондук сотко жөнөтүлгөн.

Аталган берене боюнча эскертүү же 1000 сом айыппул жазасы каралган. Чечимди сот кабыл алат. 

Бул окуядан кийин мугалим мектептен чыгып кеткен.

Окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан чыгып кеткен

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>