Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна келди
17.09.2019 | 08:10
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.
Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан Кыргызстандын сегиз жаараны жабыркаганын билдирди.
Мамлекеттик чек ара кызматы бир аскер кызматкерине ок тийип каза болгонун маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар