Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын абалы – сүрөт

Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын абалы – сүрөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 10-сентябрда Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынан кабар алды.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, министр мектептин учурдагы абалы, педогогикалык курам жана көйгөйлөр менен жеринде таанышты.

Андан соң, эмгек жамаат менен маек куруп, алдыда биринчи кезекте жасала турган иш аракеттер тууралуу маалымат берди.

Ал мектепти ремонттон өткөрүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүү, көп жылдык эмгеги сиңген мугалимдерге көңүл буруу жана музыкалык аспаптарды жаңылоо маселеси тургандыгын айтып, аны чечүү жолдорун талкуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: окуу жай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>