Бишкектеги түзөтүү абактары шаардын четине көчүрүлөт

Бишкектеги түзөтүү абактары шаардын четине көчүрүлөт

Бишкек шаарындагы түзөтүү абактары беш жыл аралыгында калаанын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал 9-сентябрда Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жапаров белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби болуп түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы саналат, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.

Ал 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымдагандай, 8,5 га аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.

Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

«Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>