ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада күмүш утканы үчүн 50 миң доллар алды
09.12.2024 | 11:23
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюдарында күмүш байге утканы үчүн Эл аралык бокс федерациясынан (IBA) 50 миң доллар алды.
Белгилүү болгондой, буга чейин аталган федерация Олимпиадада алтын уткан спортчуларга 100 миң доллар, күмүш тагынгандарга 50 миң доллар жана коло ээлерине 25 миң доллар берилерин кабарлаган. Акчалай сыйлыктын жарымын мушкер өзүнө калтырат, жарымын башкы машыктыруучу менен Улуттук бокс федерациясы тең бөлүп алат.
Ошондой эле 5-орунду алган боксчуларга да 10 миң доллардан берилмек.
Айтылгандай эле, Эл аралык бокс федерациясы 8-декабрда Дубайда форум өткөрүп, Парижде байгелүү орундарга татыган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом