Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Муратаалы Күрөнкеев атындагы окуу жай буздулуруп, кайра салынат
15.10.2024 | 17:36
Бишкектеги Муратаалы Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имараты буздурулуп, кайра салынат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Эсенгул уулунун айтымыда, убагында окуу жай жертөлөсүз салынган. Анын пайдубалы жердин үстүнө эле куюлуп, жерпай казылган эмес. Эми ал комиссиянын чечиминин негизинде буздурулуп, кайра өзүндөй болуп салынат.
Окуу жайдын имараты маданий мурастардын катарына киргендиктен, учурда аны тизмеден чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом