Мурда соттолгондор депутат, мамкызматкер боло албайт. ЖК долбоорду четке какты

Мурда соттолгондор депутат, мамкызматкер боло албайт. ЖК долбоорду четке какты

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коррупция жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мыйзам долбоорлорунун топтомун карап, аны биринчи окууда четке кагышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Токторбаев, М.Алиев, К.Сулайманов, Ы.Атажанов, Ф.Исмаилов.

Демилгечилердин бири, депутат Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлганына карабастан, президент, Жогорку Кеңештин депутаты, төрагасы, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албасын нормага киргизүү сунушталууда», — дейт депутат Жеңишбек Токторбаев.

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору Конституциянын нормаларына карама-каршы келгендиктен, бул мыйзам долбооруна каршы экенин белгиледи.

Депутат Айбек Алтынбеков мыйзам долбоору коррупциялык кылмыштардын алдын алууга багытталганын белгилеп, «башка кылмыштар» деген түшүнүктү алып салууну сунуштады. Бул мыйзам долбоорлорун депутат Айбек Маткеримов колдоого алды.

Депутаттар Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов аталган мыйзам долбоорлорунун концепцияларын колдоп, өз сунуштарын, сын-пикирлерин экинчи окууда кароо зарылдыгын белгилешти.

Мурда соттолгон адамдар депутат, мамлекеттик кызматкер боло албайт

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>