Борбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
Мурдагы аялын бычактап өлтүргөн шектүү Өзбекстандан кармалды
17.10.2022 | 14:35
Ош шаарында мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя быйыл 3-октябрда болгон. Шектүү мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялдын денесине бир нече ирет бычак сайган. Андан кийин окуя жеринен качып кеткен. 24 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.
“Адам өлтүрүүгө шектүү 32 жаштагы Ж.И. аттуу жаран Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алып келинди. Учурда ага карата адам өлтүрүү беренеси (122-берене) боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом