Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Мал базарда 120 миң сом уурдаткан карыя: Милиция эмне дейт?
17.10.2022 | 15:12
Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган окуя каттоого алынган, бирок жабырлануучу тарап милицияга арыз менен кайрылган эмес.
“Учурда кылмышкерлерди издөө иштери уланууда. Азырынча кошумча маалымат жок. Жабырлануучулар байланышка барбай жатат. Карыя 79 жашта экен. Баласы чалып, атасы ооруп жатканын айтыптыр”, – деп билдиришти милициядан.
Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом