Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот

Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо болбойт. Бул тууралуу Боршайком чечим кабыл алды.

Мурунку депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев келет.

Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыраткан. БШК мүчөлөрү бир добуштан Бакировду каттоо боюнча токтомду жокко чыгарып, депутаттык күбөлүгүн жараксыз деп табышкан. Көк-Жар бир мандаттуу округунун шайлоо жыйынтыгы боюнча Равшанбек Рысбаев экинчи орунда турган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Көп өтпөй анын 2021-жылдагы шайлоодогу атаандашы Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек административдик сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Рыспаев 2021-жылдагы шайлоодон кийин Бакировду добуш сатып алууга айыптаган.

Өмүрбек Бакиров бул аракеттерди кысым катары баалаган.

Бишкек административдик соту менен Бишкек шаардык соту №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>