Мурунку ээсине жарым миллион сом айып келген унаанын ээси табылды

Мурунку ээсине жарым миллион сом айып келген унаанын ээси табылды

Милициянын кайгуул кызматы көп суммадагы айып пулду төлөбөгөн айдоочу  кармалганын кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 15-декабрда Данияр Абжапаров аттуу адам социалдык тармактар арыкылуу 8 жыл мурда сатып жиберген унаасына 230 айып пул кагазы келгендиги тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Кайрылууда өзүнүн атындагы “Volkswagen Vento” үлгүсүндөгү авто унааны 2012-жылы келишим каттын негизинде сатып, кийин Бишкек шаарынын аймагында “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан тартып, айып пул кагазы келе баштаганынын жана укук коргоо органдарына кайрылгандыгын кабарлаган.

Бул кайрылуу чыгаары менен Милициянын кайгуул кызматы атайын издөө иш-чараларын жүргүзүп, Кант шаарынан “Volkswagen Vento” үлгүсундөгү авто унаанын келишимдин негизинде сатып алган 1994-жылы туулган С.С аттуу жаран экендиги аныктап, ал алынып келинген.

Ал адам автоунааны 2017-жылы башка бирөөдөн сатып алып, өзүнө каттоо максатында видео аркылуу кайрылган адамды таап, (унаанын мыйзамдуу катталган ээсин) автоунааны өзүнө өткөрүп алууга аракет кылганын айткан.  

Кармалган айдоочу баардык айыпты мойнуна алып, кайгуул кызматы тараптарды жолуктуруп, сүйлөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Кармалган айдоочу автоунааны жакын арада эле сатып жибергендиктен, автоунааны айып аянтчасына алып келе алышкан эмес. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>