Кыргызстанда жер басып алгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргызстанда жер басып алгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан быйыл 25-майда кабыл алынган.

Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

«Кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодекси жаңы 212-1 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 212-2 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталган.

Мындан тышкары Министрлер кабинетине:

– жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө;

– азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>