Министрлер жана депутаттар каякта, кантип эс алышат?

Министрлер жана депутаттар каякта, кантип эс алышат?

Кыргызстанда жарандардын көбү жайында эмгек өргүүгө чыгып, эс алышат. Бири жайдын аптабынан качып Ысык-Көлгө, жайлоого барса, башкасы чет өлкөлөргө чыгып, саякатташат. Жогорку Кеңештин депутаттары менен министрлер жайкы эс алуусун кандай өткөрүүнү пландап жатышканын Reporter.kg‘ге айтып беришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнда эки айлык каникулга тараган. Алгач алар шайлоочулар менен жолугуп, андан соң эс алышат.

Марлен Маматалиев

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, регламент боюнча депутаттарга бир ай эс алуу жана бир ай эл менен жолугушуу каралган. Депутаттар өздөрү график түзүп, ага жараша иш алып барат. Маселен, айрымдары биринчи эс алып, андан соң эл менен жолугушууларды өткөрөт же тескерисинче.

«Азыр мен министрликтердин жана президенттин администрациясынын өкүлдөрү менен бирге Рига шаарында (Латвиянын борбору — ред.) өзөн-өзү башкаруу системасын реформалоо боюнча темада иш сапарында жүрөм. Андан соң аймактарга барып, эл менен жолугушам. Ортодо дагы бир иш сапар менен Кытайга да барып келем. Андан кийин дагы бир ирет эл менен жолугушууга катышам», — дейт ал.

Ал эми эс алуусу тууралуу Маматалиев Ысык-Көлгө барарын, чет өлкөгө да чыгуу планында бар экенин айтты.

«Жылда салт болуп калгандай, үй-бүлөм менен эс алуу үчүн алгач айылга барам. Андан соң, Ысык-Көлгө же чет өлкөгө да алып барганга аракет кылам (кайсы жагы оң келип калса)», — дейт Маматалиев.

Нуржигит Кадырбеков

Депутат Нуржигит Кадырбеков бул жайда өлкө ичинде эс аларын, эл менен жолугушуу болорун жана убакыт таап, бүтө элек чыгармаларын жаза турганын айтты.

«Буйруса айылга барам. Айылда эки-үч күн болом. Тууган-туушкан, достор-классташтар менен учурашып келем. Эс алсам, Ысык-Көлдө эс алам. Болбосо, Жалал-Абаддагы санаторийлер бар, ден соолукка пайдалуу. Кыргызстандын ичиндеги жерлерде эс алып, дүйнөгө таанытыш керек деп ойлойм.

Ошондой эле, үй-бүлөм менен убакыт өткөрүп, чыгармачылык менен алектенем. Бүтө элек аңгеме-повесттерим бар. Бирок бизде аты эле каникул болбосо, элдерден кайрылуу түшөт, эл, шайлоочуларыбыз менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, кийинки жылга даярданабыз», — дейт депутат.

Эмил Жамгырчиев

Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев жайкы эс алуу күндөрүн Кыргызстанда өткөрөрүн билдирди. Жайлоодо чоңойгонун айткан депутат тоо койнунда эс алууну жактырарын белгиледи.

«Өзүм жайлоодо чоңойгом, жүрөгүм ар дайым тоолорго тартып турат. Ошондуктан үй-бүлөм менен тоо койнунда эс алабыз деп пландап жатам. Балдарым кымыз, сары май, каймак, эт сыяктуу экологиялык жактан таза азыктар менен азыктанып, кыргызымдын каада-салт, үрп-адаттарын көрүп чоңоюшса деген тилегим бар.

Деги эле Кыргызстаныбыздай жаратылышы ажайып кооз жерди көрө элекмин. Ошондуктан мекенимдин кучагында гана толук кандуу эс алып, энергия топтой алам», — дейт ал.

Сөзүн улай ал Кыргызстандын жарандарын ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

«Жараткан берген жаратылышты көздүн карегиндей сактап, ошол эле маалда зыян келбегидей кылып туристтик потенциалды пайдаланышыбыз керектиги тууралуу ар дайым айтып келем. Баарыңыздарды ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырам», — деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Жеңишбек Токторбаев

Депутат Жеңишбек Токторбаев жайында эс алуу оюнда жок экенин, жай күндөрүн иш үстүндө өткөрөрүн айтты. Анын айтымында, депутаттыкка шайланганына 2 жылга жакындап баратат, калган убакыт да тез эле өтүп кетет. Андыктан ал эс алууга чыкпай иштөөнү пландоодо.

«Жайкы каникулду адаттагыдай эле аймактарда эл менен жолугушуп, мыйзам долбоорлорунун үстүнөн иштөө менен өткөрөм. Азыр Жалал-Абад облусунда Көк-Жаңгак шаарынан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп келе жатам.

Мына 2 жыл көз ачып жумганча өттү-кетти. Ошол сыңары 5 жылдык депутаттык мөөнөт деле бат эле өтүп кетет. Элдин добушун алып, кызмат кылабыз деп келген соң шайлоочуларыбыздын кызыкчылыгын коргоп, пайдалуу иштерди жасайлы деп жатабыз», — дейт Токторбаев.

Балбак Түлөбаев

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев учурда эл менен жолугушуу өткөрүп жүргөнүн айтып, эс алууну август айына пландап жатканын билдирди. Эс алуусун Ысык-Көлдө өз айылында өткөрөт.

«Мен азыр эс алган жокмун. Аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп жатам. Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоңду кыдырып келдим, Чоң-Кеминге бардым.  

Мен шайлоочуларым негизинен Ысык-Көлдөн болгондуктан, азыр эл менен жолугуп, август айында эс алайын деп жатам. Айылда болом, көлгө барып сууга түшөм, тоого барып кымыз ичем. Жылда ушундай эс алам. Айылга апама барам, классташтарга конокко барам», — дейт ал.

Министрлер

Ал эми, министрлер бир өңчөй жайында эс албай турганын, иш менен алек болорун билдиришти.

Каныбек Иманалиев

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жайкы эс алуусу жок иштөөнү чечкен. Себеби окуу китептерин басып чыгаруу, «Акылман» мектебин уюштуруу, ЖОЖдорго кабыл алуу жана билим берүү системасындагы реформаларга байланыштуу көп аткарылуучу иштер бар.

«Алдыда август конференциясы дагы турат. Бул — билим берүү багытын аныктаган чоң иш-чара. Биз жайкы убакытта эс алуу эмес, иш, жаңы окуу жылына даярдык көрүү менен алек болобуз», — дейт министр.

Улан Ниязбеков

Ички иштер министри Улан Ниязбеков да эс алуусуз иштөөнү туура көрөт. Ал эмгек өргүү учурунда иш үстүндө болот.

«Эмгек өргүүгө чыккан учурда дагы кызмат ордунда болом», — дейт ал.

Аскар Жаныбеков

Айыл чарба министри Аскар Жаныбеков да эс алууну пландабай эле. Ал жай күндөрүндө жумушта болот.

Алмаз Бакетаев

Каржы министри Алмаз Бакетаев да жайында эс алуу планында жок экенин билдирди.

«Эс алууга убактым жок», — дейт министр.

Алтынбек Максүтов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов былтыр октябрь айында министр болуп дайындалгандыктан эмгек өргүүгө күзүндө чыгат. Андыктан жайында эс алууну пландабай эле.

Азырынча күзүндө эмгек өргүүнү кандай өткөрөрүн чече элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>