Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Жалал-Абадда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 30 миңден ашык бөтөлкө алкоголь ичимдиги табылды
12.03.2021 | 16:13
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо, тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтери жок сатуу фактыларын аныкташты.
Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 30 миң 168 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды.
Тактап айтканда, эки дүкөндөн күмөндүү акциздик маркалар менен 7 миң 300 бөтөлкө алкоголь тартып алынды. Мындан тышкары, лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатып жаткан ири кампалар аныкталды, ал жерден 22 миң 868 бөтөлкө продукция тартып алынган.
Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар