Нариман Түлеев кайрадан Бишкекке мэр болобу? Жооп

Нариман Түлеев кайрадан Бишкекке мэр болобу? Жооп

Түлеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болобу? Коомчулукта айтылып жаткан кептерге Нариман Түлеев өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

“Соңку кездери мени “Бишкектин мэри болот” деген кептер кызуу жүрүп жатат, жөн эле айтыла бербей, баары мага телефон чалып, “ушул чынбы?” деп сурап да жатышат. Ушактарга маани бергим келген жок. Ал гана эмес айрымдар, тагыраагы Атай Бейшенбек мени бул маселе боюнча дебатка да чакырды.  Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанга 2 айдан бери келе элекмин, февралдын экинчи жарымында барып калам. Шаардын көйгөйүн, программ туурасында талкуудан, дебаттан эч качан качпайм”— деди Түлеев.

Ошондой эле экс мэр, кайрадан калаа башчылышгына баруу боюнча планы жок экенин ырастады.

“Мэрлик кызматка барууга  планым да, өзгөчө каалоом да жок. Жашоодо башкысы  саясат же кызмат эмес… Менин бир нече долбоорлорум бар, алар менен алек болуп, таштап кете албайм. Жашоомдун көп бөлүгүн  өткөрдүм… Чындыгында үй-бүлө, тууган-урук, достор, уул-кыздарыман жана неберелеримден обочолонуп жүрдүм. Эми  аларга көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек. Ар бир адам үчүн баа жеткис болгон көз ирмемдерди жоготкум келбейт. Колдооңуздар үчүн рахмат»- деди. 

Буга чейин коомчулукта Нариман Түлеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болот экен деген кептер айтылып жаткан. Алтургай жарандык активист Атай Бейшенбек уулу дагы аны дебатка чакырып жиберген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>