КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Дүйшеев отставкага кетти
01.02.2022 | 11:34
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев отставкага кетти. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров депутаттардан Карыбек Дүйшеевдин өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу берген арызына ылайык, анын отставкасын кабыл алууну суранды.
Алмасбек Абытов Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова да кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат