Наркы 2 млн сомдон ашык мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиш кармалды

Наркы 2 млн сомдон ашык мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиш кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы 2 млн 406 миң 525 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты.

“Баткен-Ош-Исфана” автоунаа жолунда Кыргызстандын  жаранынын башкаруусундагы “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 21 миң 902 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 млн 801 миң 725 сомду түзөт.

Ошондой эле, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын аймагында “К.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи токтотулуп текшерилген. Анда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 17 миң 260 кг., болгон 432 кап (мешков) кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604 миң 800 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>