Ысык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатКазакстан ШКУ өлкөлөрүнө капиталдарды бириктирүүнү жана жалпы өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштады
Нарын: Ат-Башынын жайлоолорунун биринен чабан жоголду
29.06.2022 | 20:41
Кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айыл аймагына тиешелүү Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Ат-Башы райондук 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн буга кошумча саат 11:00до 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар