Нарынга Ага-Хандан кем эмес университет курулат

Нарынга Ага-Хандан кем эмес университет курулат

Нарын шаарына Ага-Хан университетинен кем эмес Жогорку окуу жай курулаарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасовдун Нарын шаарындагы Ага-Хан университети 200 гектардан ашык жерди ээлеп жатканын, болгон 9 гектар гана жерди иштетип жатканын айтып, калган жерди өндүрүшкө бериши керек деген суроосуна жооп берип жатып дагы башка университет курулаарын билдирди.

“Нарын университетинин программасын иштеп чыгалы деп жатабыз. Билим берүү министрлиги менен бирге, үчөөбүз Ага-Хан унинверситетинен кем эмес университет кылалы деп атабыз. Азыр бизнес, мастер планын түзөлү деп… Эгерде, Нарын шаарында эки университет болсо, бир жагында Ага-Хан, бир жагында Нарын унивеситети болсо ошол эки ЖОЖ Нарынды өнүктүрүп кете алат. Оксворд деле кичинекей шаар болчу, ошол жактагы университеттер шаарды көтөрүп кетти. Нарын шаарынын келечегин эки университет менен байланыштырабыз”- деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>