Кызыл-Кыяда 24 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалдыЗеленский Путин менен жолугушууну уюштурууда Эрдогандын жардамына үмүт артуудаНоокен районунда уруксат документтери жок ок атуучу курал ташуу фактысы аныкталды2-ноябрь: Кыргызстанда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, абанын табы +22° чейин көтөрүлөтКР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелер
Нарын: Ат-Башынын жайлоолорунун биринен чабан жоголду
29.06.2022 | 20:41
Кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айыл аймагына тиешелүү Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Ат-Башы райондук 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн буга кошумча саат 11:00до 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар