Нарын: Калың кардан улам жайытта канча мал өлгөнү айтылды (видео)

Нарын: Калың кардан улам жайытта канча мал өлгөнү айтылды (видео)

Нарын облусундагы алыскы жайыттарда калың жааган кардын кесепетинен 2 уй, 3 музоо жана жаңыдан кыркылган 15 чамалуу кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-май күнү түнү менен мезгили-мезгили менен таңкы саат 4:30дан тартып тынымсыз кар жааган. Жааган кардын кесепетинен Ат-Башы районунун Ичке жана Беш-Сары участогундагы алыскы жана жакынкы жайыттарында кардын калыңдыгы болжолдуу 15 сантиметрден 30 сантиметрге чейин жеткен.

Кырдаалга байланыштуу райондук штаб түзүлүп, отуруму болуп Ак-Сай өрөөнүндогү абалды талкуулап, тиешелүү жарандык коргонуу кызматтарга абалдан чыгуу боюнча ташырмалар берилди.

“Ак-Бейит, Беш-Сары, Чой-Жап, Кемесия, Ичке өрөөндөрүнө Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Терек-Суу айылдарынын малчылары жалпы 867 баш уй, 1400 кой, эчки айдап кетишкен. Түнкүсүн бороон болуп, жааган калың кардын кесепетинен 2 уй, 3 музоо жана жаңыдан кыркылган 15 чамалуу койлор өлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ маалымдагандай, учурда жалпы 550 боо чөп жеткизилип, жайыттагы малды сактап калуу аракети көрүлдү. Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу штабы өткөзүлүп, айыл өкмөт башчыларына абал турукташканча алыскы жайыттагы малдарга көзөмөл кылып, тоют жеткизүү тапшырылды.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги 3-май күнү Терек айылында жашаган мал ээлери уюшуп, бир камаз тоют чөп алып, Терек айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин атайын техникасы жана аттар менен Орто-Сырт жайлоосуна кетишкенин маалымдаган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>