Нарын: Капиталдык курулуш башкармалык бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирди

Нарын: Капиталдык курулуш башкармалык бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирди

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө 21 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза-суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 21 млн. 801 тыс. 901 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча областтык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>