Жүрөк жылыткан видео. Милиционер күчүктөрдү өлүмдөн сактап калды

Жүрөк жылыткан видео. Милиционер күчүктөрдү өлүмдөн сактап калды

Ысык-Көл районунда милиция кызматкери ташталган күчүктөрдү өлүмдөн сактап калды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү Ысык-Көл РИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы Нурбек Абдрахманов Сары-Ой айылында кызмат өтөп жаткан учурда, ага жарандар кайрылып, жолдун боюна белгисиз адамдар кутучанын ичине алты күчүктү таштап кеткендигин билдиришкен.

Көрсөтүлгөн жерге келген тартип сакчысы аба ырайынын ысыгынан чарчаган күчүктөр чаңкоодон кыйналып жатканын көргөн. Мындай шартта алар көпкө чыдай албасы анык эле.

“Анда милиция кызматкери ташталган күчүктөрдү кутуча менен кызматтык унаасына салып, жаныбарларга мээрими бар адамдарды айылдан издей баштаган. Андай адамдар көпкө узабай эле табылып, ташталган күчүктөрдү кубануу менен кабыл алышты. Эми алар ишеничтүү адамдардын колунда”, — деп айтылат маалыматта.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: күчүк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>