Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө жардамдашкан милиционер каза болду

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө жардамдашкан милиционер каза болду

27-октябрда Бишкек — Ош жолунда (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардамдашып жатып жараат алган Баткендин Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкери Дилмурат Шамшиев каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен облустук милициясынын маалыматы боюнча, 27-октябрда Кызыл-Кыя шаардык милициянын кызматкерлери – 30 жаштагы капитан О. Акуналиев менен 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев иш сапардан келе жатып, өрттөнүп жаткан унааны көрүп калган. Алар унаанын айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатканда жараат алып, ооруканага түшкөн. Капитан Акуналиев учурда оор абалда ооруканада жатса, майор Шамшиев 1-ноябрда каза болгон.

41 жаштагы Дилмурат Шамшиев Кызыл-Кыя шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү кызматында иштеген. Милициянын майору болгон. Анын артында 3 баласы калды.

«Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда, кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында иштеген. Андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген», — деп билдирет облустук милиция.

Баткен облустук милициясы Дилмурат Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуу жакта) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Жолдо бараткан унаалардагы адамдар өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн токтогон. Бир маалда күйүүчү май ташыган унаа цистернасы жарылып, өрт жакын жерде турган унааларга өтүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөө Баткен облустук милициясынын кызматкери болгон.

Бишкек – Ош жолунда бензовоз өрттөнүп кетти, жабыркагандар бар

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>