Нарында алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы кымбаттады

Нарында алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,7 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 1,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 4,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга — 1,1 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери — 1,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

“Ушул жылдын январь-февраль айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектелүүчү баалардын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалган. Ошол эле учурда алардын максималдуу өсүүсү (2,6 пайызга) Нарын облусунда катталды. Буга аймактагы алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалардын башка аймактарга салыштырмалуу өсүшү (10,0 пайызга) себеп болду”,- деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>