Нарында тургундан 4,2 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Нарында тургундан 4,2 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Нарында тургундан «мейманкана куруп берем» деп 4 млн 224 миң сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 23-мартта, Бишкектеги курулуш компаниянын директорумун (расмий каттоосу бар болгон) деген жаран Ат-Башы айылынын 62 жаштагы К.А. аттуу тургуну менен аталган айылда мейманкана куруу тууралуу келишим түзүп, компаниясынын эсебине 4 млн 224 миң сом котортуп алган. Бирок убада кылгандай мейманкана салбастан, акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланып салган.

Жыйынтыгында К.А. аттуу жаранга 4 млн 224 миң сом зыян келтирилген.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар А.А. аттуу жаран кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу (өзгөчө ири өлчөмдө ) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатканда шектүү тергөөдөн качып кеткен. Ал милиция тарабынан издөөгө алынып, Бишкектен табылып, кармалган. Учурда ал камакка алынган.

«Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, учурда А.А. аттуу жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0777 03 15 15, 0708 12 67 12 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>