Навальный Куран китебин киргизбей койгон абакты сотко берди

Навальный Куран китебин киргизбей койгон абакты сотко берди

Орусиянын оппозициядагы саясатчысы Алексей Навальный өзү кармалып турган Владимир облусундагы No2 түзөтүү колониясын сотко берди. Бул тууралуу Навальныйдын Instagram баракчасында маалымдалды.

“Кептин баары мага Куран китебими бербей жатканда болууда. Бул кыжырлантат. Абакка түшкөндөн кийин мен өзүмдү өркүндөтүүнүн тизмесин түздүм, аны камакта болгон учурда жасоого аракет кылам. Бул нерселердин бири: Куранды жана Пайгамбардын сүннөтүн терең изилдеп, түшүнүп алуу”, — деген Навальный.

Анын айтымында, бир ай мурун колонияга келип, өзү менен кошо жана буюртма аркылуу «бир нече китеп» алып келген, бирок ушул убакка чейин бир дагы китеп берилген эмес. Анкени алардын бардыгын экстремизмге каршы текшерүү керектигин айтып, ага үч ай убакыт кетерин кошумчалаган.

Ал абактын башчысына кайрылуу жасап сотко арыз менен кайрылганын айтат.

«Китептер — бул биз үчүн баары, эгерде окуу үчүн соттошууга туура келсе, мен соттошууга даярмын», — деген Навальный.

Белгилей кетсек, Кремлди сындаган Навальный былтыр жайында ууландырылып, Германиядан дарыланып, быйыл январда Берлинден Москвага учуп келгенде камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>