14-апрель: Коронавирус 240 адамдан аныкталып, 2 киши каза болду

14-апрель: Коронавирус 240 адамдан аныкталып, 2 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 227 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5495 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 15 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 133;
Ош шаарында – 0;
Чүй облусунда – 85;
Ош облусунда – 5;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 10;
Жалал-Абад облусунда – 0;
Баткен облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 161 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 90 миң 839 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86 миң 313 бейтап айыгып, 1 миң 534 киши каза болду.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>