Навальный Песковду сотко берерин билдирди

Навальный Песковду сотко берерин билдирди

Алексей Навальный Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковду чет өлкөлүк атайын кызматтар менен кызматташуу жөнүндөгү билдирүүсү үчүн сотко берерин айтты.

«Бул жерде мамлекеттик аткаминер түздөн-түз бышыктоодо. Мындан улам, биринчиден, мен Песковду сотко берем. Экинчиден ЦРУ адистери менен иштешкенимди тасыктай турган далилдерди жана фактыларды жарыялоону талап кылам. Түз эле телевизордон прайм-тайм учурунда көрсөткүлө. Уруксат берем», – деди Навальный.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алексей Навальныйдын артында АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат деген маалымат бар экенин айткан.

Ага чейин Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин оппозиционерди «Батыштын атайын кызматтары менен кызматташат» деп айыптаган.

Орус аткаминеринин мындай реакциясы Алексей Навальныйдын өзүн «ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат» деп айтканы «Der Spiegel» аттуу немис журналына жарык көргөн соң болуп отурат.

Анда оппозиционер: «Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», — деп билдирген. Ал Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын кошумчалады.

Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>