Жалал-Абадда тургундун акчасын алып, маселесин чечпей койгон кылмышкер кармалды

Жалал-Абадда тургундун акчасын алып, маселесин чечпей койгон кылмышкер кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Базар-Коргон районунун А.Ш. аттуу 60 жаштагы тургуну 22-сентябрь күнү милицияга арыз менен кайрылган. Ал жазында Базар-Коргон районунун аймагында «Баха» аттуу жаран, “бирөөдөгү карызыңды өндүрүп беремин жана тендерге байланыштуу иштериңди сенин пайданарга чечип берем” деп ишеничине кирип, ишеничин кыянаттык менен пайдаланып 110 000 сом акчасын алдап алып алганын жазган. Ал дагы деле убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. 

Бул факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу “Баха” аттуу бала бирөөдөн ала албай жүргөн 200 000 (эки жүз миң) сом акчаңызды өндүрүп беремин жана сиз утулуп калган тендерди сиздин пайдаңызга чечип беремин, мен Жалал-Абаддагы зонанын смотрящийи менен сүйлөшүп чыктым, ал добро берди деп менден 110 000 (бир жүз он миң) сом акча бересиз, менин көчө балдарым бар, аларга бир “Жигули” машина алып бериш керек, ары-бери движение кылганга дегендигин жана 110 000 сом акчаны 19-март күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында бергендигин билдирген.

Ыкчам-иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө “Баха” аттуу адам Базар-Коргон районун тургуну, мурда Орусияда жана Кыргызстанда каракчылык боюнча соттолгон 39 жаштагы А.Б. аттуу адам экени аныкталган. Ошондой эле ал  крим-чөйрөдө “Баха  Базар-Коргонский” деген ат менен белгилүү экендиги жана  Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары катоодо турары аныкталган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>