Нефтинин баасы кайрадан көтөрүлдү

Нефтинин баасы кайрадан көтөрүлдү

Чийки мунай зат 24-май, дүйшөмбү күнү кымбаттады. Буга Мексика булуңундагы бороон жана Ирандын атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен өзөктүк объектилердин мониторингин жүргүзүү боюнча үч айлык келишимдин аяктагандыгы жөнүндө билдирүүсү себеп болду. Бул тууралуу «Акчабар» агенттиги жазып чыкты.

Brent үлгүсүндөгү чийки мунайзаттын август айына жеткирилүүсү 0,65% га кымбаттап, Бишкек убактысы боюнча саат 10:13тө 66,78 долларды түздү. WTI чийки мунай заттын июль айындагы фьючерстери 0,63% га жогорулап, 63,98 долларды түздү.

Белгилей кетсек, 22-майдан бери МАГАТЭ Ирандын өзөктүк ишканаларындагы камералардан алынган маалыматтарды көрө албай жатат. Буга чейин агенттик Иран менен мониторинг келишимин узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.

2021-жылдын февраль айында Иран менен МАГАТЭ ирандык объектилерге техникалык инспекторлордун кирүүсү азыраак болгон учурда техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча келишимге келишкен. Иран тарап эгер АКШ Иранга каршы санкцияларды алып салбаса, камералардагы маалыматтар үч айдан кийин өчүрүлөт деп эскерткен.

Буга чейин маалымдалгандай, айрым талдоочулар массалык эмдөөлөрдүн жана коронавируска болгон чектөөлөрдүн алынып салынышынын натыйжасында суроо-талап калыбына келип жаткандыгына байланыштуу мунайга болгон баалар жогорулады деп эсептешет. Дагы бир себеби катары күйүүчү майдын чыгымынын сезондук жогорулашы айтылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>