Улукбек Марипов Бишкекте жаңы мектептин курулушуна капсула салды

Улукбек Марипов Бишкекте жаңы мектептин курулушуна капсула салды

Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Улукбек Марипов белгилегендей, социалдык объектилердин курулушу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Мектеп – бул өлкөнүн келечегинин символу болуп саналат, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Келечек муундун кандай болуп калыптанаары бизден көз каранды. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем», — деген Улукбек Марипов.

480 орунга эсептелген 3 кабаттуу мектеп Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Октябрь районунда 1,3 гектар аянтта жайгашкан.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аталган жолдун курулушу Ахунбаев жана Токомбаев көчөлөрүндөгү, ошондой эле Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыймылды азайтууга мүмкүндүк берет.

“Унаалардын саны көбөйгөндүктөн, трафикти азайтуу боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу керек. Биз жарандардын шаарда жашоосу жана жүрүүсү ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек”, — деп жыйынтыктаган Марипов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>