Аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, температура кескин айырмаланат: 24-августка каратаТаласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктады
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев камакта калтырылды
25.03.2022 | 08:55
Бишкек шаардык сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калды.
Биринчи инстанциядагы сот Дүйшембиевди 3-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Жараянда Таалай Дүйшембиев сот чечимин “саясий буйрук” деп атады.
3-мартта УКМК телеканалдын директорун “улут аралык кастыкты козутуу” деген айып менен козголгон иштин негизинде камакка алган. Тергөө телеканал Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Орусияга жардам бере турган жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.
Прокуратура Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу сотко арыз менен кайрылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом