Кыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдарыПакистандын ТИМи АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кол коюла турган күндү билдирдиКыргызстанда 2023-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 19 операция жасалды
Никол Пашинян Бишкектеги КМШ саммитине катыша албайт
10.10.2023 | 18:41
Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны талкууланды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.
Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат