Ниязбеков милиция башчылары менен жыйын өткөрдү. Эмнелер айтылды?

Ниязбеков милиция башчылары менен жыйын өткөрдү. Эмнелер айтылды?

Бүгүн, 25-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жайкы туристтик мезгилдеги коопсуздукту камсыздоонун жыйынтыктары жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Онлайн кеңешмеде Ниязбеков жыл башынан тарта ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандарды сервистик тейлөө жана башка маанилүү багыттар боюнча жемиштүү натыйжаларга жетишкенин билдирген.

«Бирок алдыбызда дагы көптөгөн милдеттер турат. Коомдук тартип — башкы приоритет болуп саналат. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн, республикадагы бардык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине: ыкчам иш-чараларды уюштуруп, зарыл аракеттерди жүргүзүүнү буйрук кылам. Жооптуу кызматтарга, башкармалыктарга жана региондорго кураторлук жүргүзгөн менин орун басарларым бул буйруктун аткарылышын жеке көзөмөлгө алыңыздар»,— деди ал.

Ошондой эле ал ар бир жетекчи өзү тейлеген аймактагы криминогендик абалга терең талдоо жүргүзүп, кылмыштын бардык түрүнө каршы күрөшүү иш-чараларын сапаттуу уюштуруу керектигин айткан.

«Мал уурулуктарына, чөнтөк жана батир уурулуктарына, ден-соолукка атайылап зыян келтирүүлөргө, бейбаштыктарга, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга, элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген фактыларга бөгөт коюу иштери күчөтүлсүн. Алдын алуу иш-чаралардын жетишсиздигинен мурда соттолгондор кайталап кылмыш жасап, жаш өспүрүмдөр ар түрдүү кылмыштарга аралашып жаткандыгын белгилеп кетмекчимин. Бул маселеге кунт коюп көңүл буруп, кылмышты алдын алуу жана көзөмөлдөө иштерин күчөтүңүздөр. Кылмыштын бетин ачып эле чектелбестен, анын келип чыгуу себептерин аныктаңыздар. Кылмыш ишин сотко чейин коштоо жана башка ушул сыяктуу маанилүү жумуштарга өзгөчө көңүл бурууну эскертем. Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда жасалган кылмыштарга, укук бузууларга бөгөт коюу чараларын күчөтүңүздөр. Жарандар арасында алдын алуу жумуштарын уюштуруп, күнү-түнү тынымсыз иш жүргүзүүнү колго алыңыздар«, — деди ал.

Улан Ниязбеков кеңешменин жүрүшүндө жаңы «Тартиптик устав» кабыл алынганын жана мындан ары жаңы талап менен иштөө тартибин киргизе турганын билдирген.

«Түздөн-түз ишмердигин жөндөй албаган жетекчилерге карата сын-пикирлерди айтып чектелбестен, ички иштер органдарынан бошотуу, атайын наамынан ажыратуу чечимдерин кабыл алабыз. Аталган талапты коркутуу деп түшүнүп алуудан алыс болуңуздар.

Мунун баары сиздер тараптан аткарылган ишмердикке жараша жана мыйзам чегинде ишке ашырылат. Дагы бир жолу кайталайм, күтүп отурууга убакыт жок. Өз алдынча аракеттерди жасап, бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачуу, элди сервистик тейлөөнү калыптандыруу, коомдук тартипти сактоону күчөтүү жана башка зарыл багыттар боюнча иш алып барыңыздар.

Ар бир жетекчи өзүнүн аткарган ишмердигин тариздеп, кайсы жерден кемчилик кетти, кайсы багыттарды чыңдоо зарыл экендигин баамдап, көйгөйлөрдү жоюп, иш алып барууга милдеттүү. Жөнөкөй кызматкерге караганда, жетекчинин жоопкерчилиги  жети эсе көп болорун көкүрөккө бекем сактап жүрүңүздөр. Эл менен жолугушууларды улантып, жаш өспүрүмдөргө байланышкан фактыларга бөгөт коюу иштерин күчөтүңүздөр.

Милдеттерди аткаруу жаатындагы бардык аракеттерди карап, ар бир жетекчинин, алардын жооптуу орун басарларынын аткарган иш жүктөмдөрү боюнча рейтингдик жыйынтыктарды чыгарабыз. Кимде ким, талапка жооп бербесе же салыштырмалуу көрсөткүч менен гана чектеле турган болсо, «Тартиптик уставга» жараша катуу чараларды колдонобуз», — деген ал.

Андан сырткары, кылмыштардын сапаттуу жана өз убагында иликтениши үчүн тергөө кызматына бир нече тапшырма берген:

  • Катталган бардык кылмыштарга сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүп, сотко жөнөтүү процедурасы катуу көзөмөлгө алынсын;
  • Тергөө багыты боюнча начар иш алып барган райондук, шаардык жана облустук ички иштер органдарын аныктап, алардын жетекчилерине тартиптик чара көрүлсүн;
  • Тиешелүү кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдү ырастап, бардык ички иштер органдары бир нукта иш алып баруусу уюштурулсун;
  • Ар түрдүү коллизияларга жол бербөө максатында, ченемдик-укуктук актыларга жана мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүп, кодекстерге шайкеш келтирүү жумуштары алып барылсын;
  • Аталган өзгөртүүлөрдүн алкагында “Таза тергөө” программасына кошумча функциялар жайгаштырылсын;
  • Жарандардын кайрылууларын калыс чечүү принциби сакталсын. Арыз-даттануулардын тенденциясы боюнча республикалык деңгээлде мониторинг жүргүзүлсүн.

Онлайн жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>