Видео: Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен кармалды

Видео: Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен кармалды

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, 17-октябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

17-октябрында кармалган К.Т.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>