Ноокаттын тургундары жабыркаган үйлөрдө жашоого мажбур болууда

Ноокаттын тургундары жабыркаган үйлөрдө жашоого мажбур болууда

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Ноокат районуна иш сапары менен барып, алгач аймактык оорукананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Медициналык мекеменин жамааты менен өткөрүлгөн жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, калктын саламаттыгын чыңдоо багытында зарыл болгон чаралар талкууланды.

Андан соң эл өкүлү Ноокат шаарынын жана Мирмахмудов айылынын тургундары менен да баарлашты. Жолугушууда айтылгандай, өткөн жылдын апрель айында Ош — Ноокат жолун оңдоп-түзөө учурунда жээгиндеги үйлөр жабыркап, айрымдары жараксыз абалга келген. Бирок калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүлбөгөндүктөн, тургундар жабыркаган үйлөрдө жашоого мажбур болууда. Ага ылайык, жергиликтүү эл тез арада үйлөрдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү маселесин көтөрүштү.

Ошондой эле депутат Нилуфар Алимжанова Бел-Кайрагач айылына да барып, жашоочулар менен жолугушту. Жыйында аймактын тургундары бир катар социалдык маселелерге токтолушуп, анын ичинен таза суу маселеси курч экенин белгилешти.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>