Видео: Тажикстандын жараны 1,2 млн долларлык баңгизат менен кармалды

Видео: Тажикстандын жараны 1,2 млн долларлык баңгизат менен кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташыган эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргызстан менен Казакстандын атайын кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөргөн.

«Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык героин баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынынын уюштуруучусу Тажикстандын 37 жаштагы К.О.А. аттуу жараны Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда баңги топко катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Табылып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 млн 190 миң долларды түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>