Нооруз майрамын күнү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көчөлөр 21-март таңкы саат 5:00дөн түнкү саат 1:00гө чейин жабылат. Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгүнөн (Эски аянт) автоунаалардын өтүүсүнө чектөө кирет.