АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Новосибирск шаарынан Ошко 169 жаран жана гумжардам келди
02.08.2020 | 10:49
1-август күнү Новосибирск-Ош багытындагы чартердик каттам менен 169 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Андагы билдирүүдө айтылгандай, учуп келгендердин басымдуу бөлүгү кош бойлуу, балалуу аялдар, улгайган жана Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткан оорукчан адамдар, Сибирь аймагында окуган студенттер болгон. Бул каттам менен федералдык округунун башка региондорунан, Иркутск жана Красноярскте жашаган жарандар дагы учуп келген.
Мындан тышкары аталган каттам менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы тарабынан гумжардам катары 700 миң рублдык медицина жабдыктары дагы келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом