Новосибирск шаарында кыргызстандык экспорттоочулар үчүн «Ала-Тоо» дүң жана чекене соода базары ачылды
Россиянын Новосибирск шаарында ата мекендик айыл чарба продукциясын Сибирь федералдык округунда алга жылдыруу максатында түзүлгөн «Ала-Тоо» адистештирилген соода аянтчасы өз ишин баштады. Базар КР Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен «Хилокский» соода борборунун аймагында ачылган.
Жалпы аянты 10,7 гектарды түзгөн объекттин инфратүзүмү 2 100 чарчы метрлик муздаткыч камераларды, кампаларды, соода павильондорун жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн 400 орундуу унаа токтотуучу жайды камтыйт. Логисттерге ыңгайлуу болушу үчүн базардын аймагында хостел жана миграциялык коштоо кызматы иштеп жатат. Учурда ал жерде заманбап сертификациялоо лабораториясы түзүлүүдө. Бул кыргызстандык товарлардын Россиянын «Лента», «Пятерочка» жана «Ашан» сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн (ритейлерлеринин) текчелерине түз чыгуусуна шарт түзөт.
Айыл чарба министрлиги ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана логистикалык компанияларды Россияга товар жеткирүүнү кеңейтүү үчүн бул аянтчаны жигердүү колдонууга чакырат.