Бишкекте «Арашан» породасындагы койлордун көргөзмөсү өттү

Бишкекте «Арашан» породасындагы койлордун көргөзмөсү өтүп, ага Кыргызстандын жети облусунан фермерлер, ишкерлер, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан келген коноктор катышты.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, иш-чараны «Арашан» кой багуучулар ассоциациясынын Баткен жамааты уюштурган. Анын максаты — Арашан породасынын генетикалык артыкчылыктарын таанытуу, тажрыйба алмашуу жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү болуп саналат.
Көргөзмөдө ошондой эле койлордун салмагы, бою жана сырткы келбети боюнча конкурс өткөрүлгөн. Калыстар тобу тарабынан аныкталган малдын ээлерине белектер, акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылган.
Арашан породасы тез эт байлаганы жана климатка көнүү жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат. Бул породадагы кочкорлордун баасы бир нече миң доллардан жүз миң долларга чейин жетет.