Ноябрда “Мекендештер”, жаштар жана этностор форуму өтөт

Ноябрда “Мекендештер”, жаштар жана этностор форуму өтөт

Бишкекте 14-15-ноябрда “Мекендештер -2023” форуму өтөт. Бул тууралууу  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабарлады.

Иш-чарага Россия,  Борбордук Азия, Европа, Азия өлкөлөрүндө жана Америкада жашап жаткан кыргызстандыктардын жана этникалык кыргыздардын катышуусу күтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган форум 2012-жылдан бери уюштурулууда.

Андан тышкары, ноябрь айында  этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн, көптөгөн коомдук бирикмелердин жана диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда этностор аралык мамилелер темасына арналган “Бирдиктүү эл-Өнүккөн-Өлкө” аттуу жалпы улуттук форуму дагы болот.

20-ноябрга Кыргызстанда “Кыргызстан – конфессиялар аралык ынтымактын жана тынчтыктын өлкөсү” аттуу эл аралык конференция пландаштырылууда.

22-ноябрда жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоого арналган “Кыялымдагы Кыргызстан” жалпы улуттук жаштар форуму өтөт.

Айдын аягында Министрлер кабинети гендердик маселелерди талкуулоого арналган атайын жыйын өткөрүүнү пландаштырууда.

Мында аялдарга карата зордук-зомбулуктун резонанстуу учурларын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>