Айгүл Жапарова Ташкентте суу тартыштыгы боюнча маселени көтөрдү

Айгүл Жапарова Ташкентте суу тартыштыгы боюнча маселени көтөрдү

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова кечээ Ташкентте «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте» аттуу эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Зироат Мирзиёева, Эмине Эрдоган дагы катышкан.

Айгүл Жапарова кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана тоолуу аймактарда аларга ыңгайлашуу боюнча аракеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун кубаттай турганын белгиледи.

«Өлкөбүздүн аймагынын жарымынан көбү 1 миңден 3 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жана бийик тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон кыйынчылыктар бизге жакшы белгилүү.

Климаттын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын тартыштыгынын күчөшүнө, жердин деградациясына жана табигый кырсыктарга байланыштуу тоолуу өлкөлөр олуттуу тобокелчиликке дуушар экени ачык көрүнүп турат», — деди ал.

Андан ары Айгүл Жапарова президент менен бирге Парижге учуп келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>