Numbeo: Кыргызстанда немис унаалары арзан сатылууда

Numbeo: Кыргызстанда немис унаалары арзан сатылууда

Германияда жасалган унаалар ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда арзан. Бул тууралуу Numbeo аналитикалык сайты билдирди.

Салыштыруу үчүн сайтта Volkswagen Golf жана Toyota Corolla седандын тизме келтирилген. Алсак, Кыргызстанда Volkswagen Golf орточо эсеп менен 14,58 миң доллар турса, Toyota Corolla Седан 22,61 миң долларга бааланат.

Ошол эле учурда жапониялык Toyota Corolla Sedan автоунаасынын Казакстандагы орточо баасы бүткүл ЕАЭБге салыштырмалуу арзан (21,76 миң доллар). Бирок, Арменияда мындай унааны орто эсеп менен 27,57 миң долларга, Беларуста 27,19 миң долларга, Орусияда 37,98 миң долларга сатып алса болот.

Өз кезегинде Орусияда Volkswagen Golf үчүн орто эсеп менен 40,96 миң доллар, Арменияда  24,97 миң, Беларуста 20,65 миң, Казакстанда 18,49 миң доллар төлөш керек болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Volkswagen Golf

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>