Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиБишкекте ӨКМге караштуу Башкаруу борборунун экс-башчысы камакка алынды — райондук соттун тактоосу1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Нурдөөлөт Базарбаев эмгек министринин орун басары болду
18.09.2023 | 20:18
Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Нурдөөлөт Базарбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар