Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Нурлан Шакиев Азербайжанга иш сапары менен кетти
15.05.2023 | 11:01
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Шакиев Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, бир катар жолугушууларды өткөрөт.
“Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат”, – деп айтылат маалыматта
Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом